27.08.2019 12:33

Аскер прокуратурасы Алмазбек Атамбаевдин жан сакчыларынын аракетине юридикалык баа берет

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Аскер прокуратурасы Алмазбек Атамбаевдин жан сакчыларынын аракетине юридикалык баа берет

Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөтчүлөрдүн аракетине юридикалык баа берилет, деп билдирет Kaktus.media күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянуу менен. 

Маалыматка караганда, УКМКнын 9-кызматынын эки кызматкеринин иш-аракетине бааны Кыргызстандын Аскер прокуратурасы берет. Азыр аларды суракка чакырып, «Барымтага алуу» беренеси менен иш козголо турганын айтып коркутушууда. 

«Прокурорлор УКМКнын 9-кызматынын Атамбаевди кайтарып жаткан жоокерлери «Альфа» спецназдарын көргөндө объектти [Атамбаевди] таштап жана аны спецназдарга өткөрүп бериши керек болчу деп жатышат. Бирок күзөтчүлөр «Альфанын» жоокерлери өздөрүн тааныштырбаганын жана катаал иш-аракеттерге барганын айтышууда. Жобо боюнча, жан сакчылар объектти (мамлекет тарабынан кайтарылып жаткан адамды) коопсуз жайга алып кетип, аны коргошу керек. Анын үстүнө, УКМК Атамбаевди кайтарган кызматкерлерин чакыртып алган эмес да. Эгерде алар аны таштап кетсе, өз милдетин аткарбаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн болчу», - деп түшүндүрүштү күч түзүмдөн. 

Эскерте кетсек, 7-август күнү УКМК Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди күч менен кармоо операциясын жүргүзгөн. Саат 20:00 жакын экс-президент тарапташтары менен жолугууга короого чыкканда, үйдүн тосмосунан беткапчан адамдар секирип түшүп, ок чыгарып башташкан. Бул учурда короодо эки жүзгө жакын адам болгон, арасында: балдар, аялдар жана карыялар. 

Экс-президенттин тарапташтары 5 сааттан ашык убакыт Атамбаевдин үйүн коргошкон. Бул арада эки тараптан тең жаракат алгандар болгон. Операция ал күнү ишке ашпай калган. 

Кийин Алмазбек Атамбаев Кыргызстан бийлигине кайрылуу жасаган. Анда экс-президент аларды кан төгүүгө жеткирбей, укуктук талаага кайтып келүүгө чакырган. 

Бул окуядан кийин айрым депутаттар УКМКнын иш-аракетин сындап чыгышкан.  Ал тургай, 8-августта ЖК бул кырдаалды талкуулоо үчүн чукул жыйынга чогулган. Ага катышкан президент Сооронбай Жээнбеков «операция мыйзамдуу өттү» деген пикирин билдирген.

Ошол эле күнү УКМК спецназдардын санын көбөйтүү менен Алмазбек Атамбаевдин үйүнө кайра чабуул жасаган. Экс-президент тарапташтарына тийбөө талабы менен колго түшүп берген. 9-август күнү сот Атамбаевди тергөө иштери аяктаганча, 26-августка чейин камакта калтырган. ИИМ тергөөчүсү Алмазбек Атамбаевге мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жана дагы бир нече иш боюнча айып тагып жатканы белгилүү болгон. 20-августта Биринчи Май райсоту Алмазбек Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган